Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Гүлнара Баатырова ДССУнун өкүлү менен жолугушту

16.01.2023 16:32
270
Гүлнара Баатырова ДССУнун өкүлү менен жолугушту

Бүгүн, 16-январда саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы регионалдык директору - атайын өкүлү доктор Шахин Хусейновду кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоо, саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты камсыздоо, ошондой эле үстүбүздөгү жылга саламаттык сактоону санариптештирүү жаатында кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды.


Г.Баатырова Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өлкө калкынын ден соолугун коргоо жаатында министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардагы жигердүү ролун, ошондой эле иммунизациялоо жана санариптештирүүдөгү ар тараптуу колдоосун белгиледи.


Доктор Хусейнов кызматташуу үчүн терең ыраазычылык билдирип, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан мындан ары да колдоо уланарына ишендирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн