Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 04:26
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Гүлнара Баатырова, Эмгек министри: “МСЭКтер толугу менен реформаланат”

11.12.2023 13:34
463
Гүлнара Баатырова, Эмгек министри: “МСЭКтер толугу менен реформаланат”


Бүгүн, 11-декабрь күнү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова республика боюнча МСЭКтин жетекчилери менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул туурлауу ведомстводон билдирди.


Маалыматка ылайык, кеңешме министрликтин коррупция менен күрөшүү иштери боюнча ыйгарымдуу өкүлү Т. Шаршеевдин катышуусунда өттү. Министр коомдо, эл арасында болуп жаткан нааразычылыктарды баса белгилеп,  бүгүндөн баштап жумуш тартибин күчөтүү зарылдыгын, коррупциялык схемалардын кайталанбашы  үчүн жаңы жылга чейин ар бир МСЭКке видео камералар орнотулуп, ишеним телефондорунун иштөөсүн талап кылды. 


“Буга чейин көзмөлдүн жоктугунан тартип бузуулар болуп келген. Мындан ары бардык бөлүмдөр текшерилип, өң-тааныш адамдарга берилген майыптуулуктарга чейин текшерүүгө алынат. Бизге кайрылган чыныгы майыптуулугу бар бир да адам ыйлабашы керек. Кайсы бир жерден коррупцияга байланышкан элементтер чыга турган болсо, укук коргоо органдары менен иш алып барабыз”, - деди Г.Баатырова.


Министр сөзүнүн соңунда кадр маселесине басым жасап,  бул тармакта буга чейинки чиеленип кеткен система түп-тамыры менен тазаланып,  жаңыланарын, ошону менен бирге толук реформаланарын  билдирди. 


Критерийлерге туура келбесе дагы, берилип жаткан майыптыкты тез арада тазалоого тапшырма берди. Республикалык жана райондук жетекчилер тарабынан көзөмөлдүн жоктугу белгиленди. "Майыптардын укугу ар дайым коргоого жана колдоого алынат. “Коррупцияга жол жок” принциби менен иштебеген жетекчилер  жана кызматкерлерге иштөөгө орун жок", - деп баса белгиледи министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн