Бугу 10, 2024
Убакыт: 04:17
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Гүлнара Баатырова Кыргызстан жана АКШ студенттеринин ортосундагы өнөктөштүк программаларын талкуулады

18.03.2024 13:27
129
Гүлнара Баатырова Кыргызстан жана АКШ студенттеринин ортосундагы өнөктөштүк программаларын талкуулады


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова "Студенттик билим берүү аркылуу тоолуу аймактардагы аялдарды жана кыздарды коргоо" иш-чарасына катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чара Нью-Йорк шаарындагы БУУнун аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 68-сессиясынын алкагында уюштурулуп, тоолуу аймактардагы аялдарды жана үй-бүлөлөрдү коргоодо билим берүүнүн ролуна, ошондой эле Кыргызстан менен тоолуу Юта штатындагы академиялык мекемелердин ортосундагы өнөктөштүк программалардагы студенттердин ишмердүүлүгүнө арналган.

Министр иш-чаранын ачылышында Кыргызстан 1998-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) тоо күн тартибин илгерилетип келерин белгиледи.

“Алардын эң акыркысы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2023-2027-жылдарды тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдык мезгили деп жарыялоо боюнча резолюциясы болуп саналат.

Бул демилге тоолуу аймактардын көйгөйлөрү жана чакырыктары менен күрөшүү боюнча эл аралык коомчулуктун аракеттерине жаңы дем берүү максатында иштелип чыккан

Аталган 5 жылдын ичинде тоолуу өлкөлөрдөгү өнүгүүнүн ар кыл багыттарына, анын ичинде жаштардын, атап айтканда, тоодогу аялдардын жана кыздардын көйгөйлөрүно көңүл бурулат.

Тоолуу аймактардан келген студенттер кесипкөй өсүү тажрыйбасын алышат жана алардын жашоо шартын практикалык жактан жакшыртуучу окутууга багытталган атайын программалар менен ишке ашырышат", - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн