Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 14:13
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Гүлнара Каримова 686 млн. доллар кайтарууга даяр

26.02.2020 09:51
619
Гүлнара Каримова 686 млн. доллар кайтарууга даяр


Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова 686 млн. долларды мамлекетке кайтарууга даяр. Ал мындай пикирин президент Шавкат Мирзиёевге жолдогон катында билдирген. Каримова өзүнө карата мыйзамсыз аракеттер болуп жатканын, анын баарына кайыл экенин айткан.


“Мен өз үй-бүлөмдүн, жакындарымдын коопсуздугун, ден соолугун сактоо үчүн акча каражатына коюлуп жаткан бардык айыптарга макулмун жана Швейцарияда тоңдурулган каражатымдан баш тартам. Ачык сотсуз эле мамлекеттин казынасына 686 млн. долларды кайтарууга даярмын”, - дейт ал.


Белгилей кетсек, Г.Каримова учурда Ташкент облусуна караштуу Зангиата районундагы аялдар түрмөсүндө күн кечирүүдө. Аны Өзбекстандын башкы прокуратурасы өтө оор кылмыштарга айыптаган.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн