Бугу 11, 2024
Убакыт: 13:16
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Гүлнара Каримованын тоңдурулган активдерин алууга бир нече өлкө ынтызар

29.06.2020 21:01
1114
Гүлнара Каримованын тоңдурулган активдерин алууга бир нече өлкө ынтызар


Bloomberg басылмасында 26-июнда “Улуу Британиядагы наркы 22 миллион фунттук хансарайдын ээсин издөө өзбек түрмөсүнө алып барат” деген тема алдында макала жарык көрдү.


Анда Лондондун соту Гүлнара Каримованын Улуу Британиядагы 23 миллион долларлык кыймылсыз мүлктөрүн тоңдуруу мөөнөтүн узарткандыгы айтылат.


Эске салсак, 2018-жылдын октябрь айында британиялык Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыктар менен күрөшүү бюросу (Serious Fraud Office – SFO) Гүлнара Каримованын жана анын жубайы Рустам Мадумаровдун кыймылсыз мүлктөрүн алуу боюнча Улуу Британиянын Жогорку сотуна доо арыз менен кайрылган. Бюро сөз болуп жаткан кыймылсыз мүлктөр Өзбекстанда коррупциялык жолдор менен табылган кирешелерге сатып алынган деп эсептейт.


Мүлктөрдү алуу боюнча тиешелүү документтерди тапшыруу үчүн британиялык прокурорлорго Өзбекстанга барууга туура келет. Анткени, Гүлнара Каримова менен Рустам Мадумаров учурда өзбек түрмөлөрүндө жаза мөөнөттөрүн өтөшүүдө.


Азыр 48 жаштагы Гүлнара Каримовага бир нече жыл мурда акча уурдоо жана салык төлөөдөн качуу фактылары боюнча эки кылмыш иши козголгон. Мамлекетке жана жарандарга келтирилген зыяндардын жалпы өлчөмү 1 трлн 270 млрд 200 млн сумга, 1 млрд 651,8 млн долларга жана 26,1 млн еврого бааланган.


Каримова учурда Ташкент облусунун Зангиата районундагы аялдар колониясында жазасын өтөп жатат. Быйыл март айында Ташкент шаардык соту аны 13 жыл 4 айга эркинен ажыраткан болчу.


Каримовага карата АКШ, Швейцария, Швеция, Нидерланды, Франция сыяктуу бир катар өлкөлөрдө да кылмыш иштери козголгон. Учурда Каримованын тоңдурулган активдерин алууга бир нече өлкө ынтызар.


Ал эми Өзбекстан Гүлнара Каримованын чет мамлекеттерде тоңдурулуган акчаларынын аз гана бөлүгүн алууга жетишти.

 

SFO 2019-жылдын 13-декабрында Gazette басылмасына Өзбекстандын экс-президенти маркум Ислам Каримовдун улуу кызына таандык кыймылсыз мүлктөр туурасында маалыматтарды берген, кийинчирээк алардын тизмеси британиялык The Times гезитине жарыяланган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн