Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 15:10
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Гүлнара Журабаева: Ташиев мырза, Калиевага карата айткан сөздөрүңүз аны эмес, сизди мүнөздөйт

25.12.2020 16:04
1224
Гүлнара Журабаева:  Ташиев мырза, Калиевага карата айткан сөздөрүңүз аны эмес, сизди мүнөздөйт


Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жумушчу тобунун мүчөсү Гүлнара Журабаева Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева тууралуу пикирин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.  Анда ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган.


Гүлбара Калиева күйөөсү экөө 20 жылдан ашык убакыт мурун курган үйдө жашайт. Күйөөсү эски, оң рулдуу Хонда унаасын айдайт. Анын кызы менен күйөө баласы борбордон үй алуу үчүн чет жакта иштеп жүрүшөт. Ал көпчүлүк паракорлордун түн уйкусун бузчу. Ага ушул жылдын апрель айында эле кылмыш иши козголгон. Гүлбара Калиева коррупцияга баткан соттордун арасындагы ак каргадай болчу. Ташиев мырза, сиздин Калиевага карата айткан сөздөрүңүз аны эмес, сизди мүнөздөйт. Мен анын кандай шартта жашаганынан эле ак эмгеги менен тапкан каражатка жашарын түшүндүм. Эми сизден бардык соттордун, прокурорлордун, финполчулардын, бажы кызматкерлеринин жана конторанын башчыларынын мүлктөрүн текшерип чыгууну талап кылам”, — деп жазган Журабаева.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Молдоева Гульмира Абыкеевна
Бир кумалак бир карын майды чиритет дегендей, бир Осмоналиев Камил аркылуу Жогорку Соттун акыбалын билуу дегендикке жатпайт!Бирок 5 жылдан бери сотто жургон адам катары,соттордун адилетсиздигин жон терим менен сездим!!!Ким кобуроок берсе эле ,ак-караны ылгап,териштирбей эле ошол жакка мыйзамды тебелеп туруп,чечим чыгарып,экинчи карагыс кылып таштайт экен. Ми алга Осмоналипвдин 11.03 2020 жылдагы Байсеитовдун арызы боюнча чечими.,коз коруноо акты кара деп койду!Ак ийилет,бирок сынбайт!!! Камил!Кудай тобондон урду!!!