Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 03:54
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Гүлшаркан Култаева, ЖК депутаты: “Улуттук кийимдерди кийип жүрсөк эң сонун жарашмак”

04.03.2024 11:21
3378
Гүлшаркан Култаева, ЖК депутаты: “Улуттук кийимдерди кийип жүрсөк эң сонун жарашмак”


- Гүлшаркан Оконовна, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аткаминерлер, депутаттар жумушка улуттук колориттеги кийим менен келиши керек деген сунушту айтты. Сиз бул сунушка кандай карайсыз?


- Азыркы мезгилде идеология үчүн өтө катуу күрөш жүрүп жатат. Мамлекетибиздин калкынын дээрлик токсон пайызы мусулмандар. Биздин ата-бабаларыбыз өздөрүнүн улуттук салттуу кийимдерин кийип жүрүп эле ислам динин тутунган. Бирок, биз азыр салттуу динибизди унутуп бараткандайбыз. Акыркы убактарда арабча кийинип, хиджаб да эмес, паранжа жамынгандар пайда болду. Ушул алкактан алып караганда, өзүбүздүн улуттук кийимдерибизди даңазалоо эң бир жакшы демилге деп айтар элем. Андыктан, мен бул идеяга кошулам. Эркектер деле, аялдар дагы улуттук кийимдерди кийип жүрсөк эң сонун болмок. Биздин дизайнер, модельерлер улуттук колоритти кошуп, азыркы заманбап костюмдарды тигип атышат. Ага карата элдин колдоосу да күч.


- Сиз өзүңүз кийет белеңиз?


- Кийет болчумун. Бир жолу биздин делегация Түркияга барганда өзүбүзчө макулдаштык дагы баарыбыз улуттук кийим менен бардык. Биз залга киргенде эле отургандар “кыргызстандыктар келди” деп аябай жакшы кабыл алышты. Улуттук кийимди бардык жерде урматтап, сыйлашарына ошондо бир ынандык. Андыктан, дагы бир жолу кайталап айткым келет, мен бул идеяны аябай колдойм. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн