Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 17:45
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Гүлшат Асылбаева мыйзам долбоору боюнча туура эмес маалымат таратпоону суранды

26.06.2020 19:19
1514
Гүлшат Асылбаева мыйзам долбоору боюнча туура эмес маалымат таратпоону суранды



“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун демилгечиси, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө жана социалдык тармактардын колдонуучуларына өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

 

“Мен сиздерден бул мыйзам долбоорунда жазылган нормалар тууралуу Кыргызстандын жарандарына жана окурмандарга туура маалымат жеткирүүңүздөрдү суранам. Мыйзам долбоорунда интернет-провайдерлеринен колдонуучулардын маалыматтарын алты ай жана башка убакыт аралыгында сактоону талап кылган норма жок. Мамлекеттик органдардын соттун жарлыгы жок сайтты же соцтармактагы баракчасын жаап же чектеп коё тургандай норма жок”, - деп билдирди депутат.

 

Ал белгилегендей, мыйзам долбоорунун концепциясын кароодо медиа-эксперттер тарабынан берилген сунуш-пикирлердин бардыгы эске алынган жана камтылган. Ошондой эле ишкерлердин кошумча финансылык чыгымдарын алып таштоо максатында колдонуучулардын маалыматтарын сактоо боюнча интернет-провайдерлердин милдеттемелери тууралуу берене алынып салынган.

 

Колдонуучулар ортосундагы бардык маселелер жарандык-укуктук өз ара мамилелердин алкагында гана тескелерин белгилегим келет. Өзүнүн кадыр-баркын жана ар-намысын коргоо чаралары соттун чечиминин негизинде гана кабыл алынат жана ыйгарым укуктуу органдарда мындай укук жок. Эгерде аларга укуктук жардам сурап кайрылса болгону соттун алдында арыз гана бере алат. Ошондой эле жаран өз алдынча дагы сотторго кайрыла алат. Сотко чейин териштирүү нормаларын эч ким жокко чыгарган жок”, - деп белгилейт Асылбаева.

 

Ал кошумчалагандай, мыйзамда кылмыш жоопкерчилиги, административдик жоопкерчилик, керек болсо айып салуу санкциялары жок.

 

Мыйзамдын 5-беренесинде жаран өзүнүн атын, фамилиясын жана электрондук дарегин көрсөтүшү деген норма жазылган, колдонуучулардан башка эч нерсе талап кылынган жок.

 

Мындан улам Гүлшат Асылбаева мыйзам долбоору тууралуу туура эмес маалыматтарды таратпоого жана бири-бирин сыйлоого, башка бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирип басмырлоодон алыс болууга, ошондой эле чындыкты айтууга чакырды. Мыйзамга калыс баа берилишин жана колдоп коюусун суранды.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Дайрагүл Ибраева
Гүлшат айым! Элге тыйуу салуудан мурда сөздү так туура ташка тамга баскандай өзүңүз сүйлөңүз ж.а жоопкерчиликти сезип абийир деген болуш керек биринчиден. Мыйзамды жазганда да биринчи орунда дайыма эл м.н эсептешүү керек, сыйлай билүу , элге чын жүрөктөн кызмат кылуу керек , эл кабыл алабы, жокпу кеп ошондо мен жазып келдим кабыл алгыла деп таңулоо бул жат көрүнүш. Элди эч качан оюнчук көрбөгүлө. Эл бар учүн тайраңдап, өз билгениңерди кылып тың окуй албай сиз үчүн эл жер карап уялып чыдап келе жатабыз. Токтоткула элди калчаганыңарды.