Абактагы блогер Гүлзат Мамытбек ачкачылыкты токтотту, - деп кабарлайт Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 23-ноябрда Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкери Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагындагы Гүлзат Алымкуловага (Гүлзат Мамытбек) барды.
Алымкулова буга чейин президентке жана мамлекеттик ар кайсы органдарга жазган каттары кабыл алынбай жатканына нааразы болгон. Ал нааразылык иретинде 14-ноябрдан бери ачкачылык жарыялаган.
Сүйлөшүү учурунда мекеменин башчысы бардык тиешелүү каттар өз убагында жөнөтүлгөнүн айтып жана чыгыш документтеринин көчүрмөлөрүн көрсөткөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн