Баш оона 23, 2025
Убакыт: 15:56
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

Гулжигит Алыкулов "Кайрат" менен Казакстандын чемпиону болду

29.11.2021 12:25
962
Гулжигит Алыкулов "Кайрат" менен Казакстандын чемпиону болду

Кечээ, 28-ноябрда Нур-Султан  шаарында Казахстан Республикасынын футбол боюнча Кубогунун финалы орун алды. Беттеште Гулжигит Алыкулов ойногон «Кайрат» менен карагандалык «Шахтер» кез келишти.


Оюндун негизги жана кошумча убактысы 3:3 эсеби менен аяктап, оюндан кийинки пенальтилер сериясы жыйынтыгы боюнча, 9-8 эсеби менен алматалык клуб жеңип чыкты. Ошентип, «Кайрат» Казахстандын 10-жолку чемпиону аталды.


Алыкулов беттештин 81 минутасында оюн талаасына чыгып, 11 метрлик соккулардын бирин ишке ашырды. Эске сала кетсек, алматалык клуб бул сезондо чемпионатта 3 орунду ээлеген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн