Бугу 07, 2024
Убакыт: 07:01
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Гвинея Олимпиада оюндарына катышуудан баш тартты

23.07.2021 08:11
635
Гвинея Олимпиада оюндарына катышуудан баш тартты

Гвинея өлкөсү "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышпайт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн спорт министри Санусси Бантама Соунун расмий билдирүүсүнө таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.


Ага ылайык, министр мындай чечимди Токиодогу коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал курчуп жаткандыгына байланыштуу кабыл алган. "COVID-19 илдетине байланыштуу бийлик спортчуларыбыздын ден соолугун сактоо максатында жайкы Олимпиада оюндарына катышпоо чечимин кабыл алды", - деп айтылган анын билдирүүсүндө.


Бирок айрым булактар коронавируска байланыштуу эмес, спортчулардын Токиого барып келген чыгымдарын каржылай албагандыктан Олимпиада оюндарына катышуудан баш тартышкандыгын билдирген.



Белгилүү болгондой, Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына Гвинеядан 5 спортчу катышмак. Алар: Фатумата Яри Камара (эркин күрөш), Мамаду Самба Ба (дзюдо), Фатумата Ламарана Туре, Мамаду Таиру Ба (экөө тең сууда сүзүү) жана Аиссата Деэн Конте (100 метр аралыкка чуркоо).


Булак: "Супер.кг"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн