5-сентябрда Гвинея өлкөсүндө аскердик төңкөрүш болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.
Маалыматка ылайык, аскердик төңкөрүш атайын уюштурулган жана президент баш болгон чиновниктер аскерлер тарабынан кармалып турат.
Төңкөрүш мамлекет башчысы жашаган резиденциядан башталган.
Аскердик төңкөрүшчүлөрдүн башчысы азырынча өз талаптарын айта элек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн