Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 18:42
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

HONDA H-RV үлгүсүндөгү унааны айдай качкан жаран жол кырсыгына кабылды

18.04.2023 13:16
260
HONDA H-RV үлгүсүндөгү унааны айдай качкан жаран жол кырсыгына кабылды

Аламүдүн районунда эркек киши унааны айдап качып, жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.


Милицияга Ж.Ф. аттуу жаран кайрылып, 16-апрелде саат 12:00дөр чамасында 35-40 жаштагы белгисиз адам Карл Маркс айылынын Партсъезд көчөсүндө токтоп турган HONDA H-RV үлгүсүндөгү унаасын айдап качканын билдирген.


Белгилүү болгондой, унааны айдай качкан адам мамыны сүзүп алган.


Аталган факты каттоого алынып, шектүү катары Октябрь айылынын 37 жаштагы К.В. аттуу тургуну кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Тергөө уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн