Бугу 09, 2024
Убакыт: 16:22
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Хабиб Нурмагомедов Фергюсон менен боло турган беттеши тууралуу үн катты

13.03.2020 15:44
950
Хабиб Нурмагомедов Фергюсон менен боло турган беттеши тууралуу үн катты


Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов АКШлык атаандашы Тони Фергюсон менен боло турган беттеш тууралуу эч нерсени билбей турганын айтты.


Эки спортчунун беттеши 18-апрелде Нью-Йорк шаарында өтүүсү күтүлүүдө. Бейшемби күнү UFCнин жетекчиси Дэйна Уайт мелдешти коронавирус илдетине байланыштуу жылып кетүүсү мүмкүн экендиги тууралуу кулак каккан болчу.


“Мен спорт залдын сыртында эмне болуп жатканынан таптакыр кабарым жок. Менде силердей эле маалымат бар. Мен машыгуу залындамын жана даярдык көрүүдөмүн, эми эмне болорун эч ким билбейт”, - деп  Хабиб Нурмагомедов Инстаграм баракчасына жазган.


12-мартта Нью-Йорк шаарынын мэри Билл Де Блазио коронавирус илдетине байланыштуу 500 кишиден көп чогулган баардык иш-чараларды өткөрбө чечимин чыгарган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн