Бугу 20, 2024
Убакыт: 09:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Хабиб менен Фергюсондун беттеши убагында болбой калуусу мүмкүн

20.03.2020 18:01
700
Хабиб менен Фергюсондун беттеши убагында болбой калуусу мүмкүн

 

UFCнин президент Дэйна Уайт Хабиб Нурмагомедов жана Тони Фергюсондун беттеши өз убагында болбой калуусу мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Буга чейин Дэйна Уайт эки мушкердин тиреши 18-апрелде болорун, бирок АКШда өтпөсүн айтып келген болчу. 


Преззиденттен, Хабиб менен Фергюсондун беттеши 18-апрелде болорун баса белгилей берсе болобу деп сураган.


“Билесиздерби, он күн мурун мен ишенимдүү жооп бергенмин. Азыр болсо абалга жараша чечимдерди кабыл алыш керек. Мен билбейм, менде жооп жок”, - деген Дейна.


Эске салсак, COVID-19 вирусуна байланыштуу дүйнөдө массалык спорттук иш-чараларды белгисиз убакыттарга жылдырууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн