Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 15:46
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Хакерлер Фейсбуктун жарым миллардга жакын колдонуучусунун өздүк маалыматтарын жарыялады. Арасында Цукерберг бар

05.04.2021 08:56
1226
Хакерлер Фейсбуктун жарым миллардга жакын колдонуучусунун өздүк маалыматтарын жарыялады. Арасында Цукерберг бар

Хакерлер 106 мамлекеттин 500 миллионга жакын Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусунун өздүк маалыматтарын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. 


Эң кызыгы хакерлер жасаган чабуулдан улам Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукербергдин да өздүк маалыматтары (телефон номери, жашаган жери ж.б.) жарыяланган.


Бул чабуул боюнча Фейсбук расмий билдирүү тарата элек. 


Хакердик чабуулдан 28 миллионго жакын Сауд Аравиянын, 10 миллиондой Россиянын жана 32 миллиондон ашык АКШ жарандарынын өздүк маалыматтары жарыяланган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн