Бугу 11, 2024
Убакыт: 13:38
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Хакерлер бир жумада Twitterдеги 120дан ашык аккаунтка бузуп кирген

17.07.2020 15:25
1033
Хакерлер бир жумада Twitterдеги 120дан ашык аккаунтка бузуп кирген


Болжол менен 130дай Twitter  аккаунтту хаккерлер бузганы аныкталганын, социалдык желенин администрациясынан бидирди. Бул тууралуу “360” телеканалы жазып чыкты.


“Болгон окуя тууралуу бизге азыр маалым болгону, божомолдоп айтканда 130га жакын баракчасына кандайдыр бир жолдор менен чабуул жасалган. Бул аккаунттардын айрымдарын кол салган адамдар башкарып жана баракчага билдирүүлөрдү жайгаштырган”, - деп Twitterдин колдоо кызматынан билдирген.


Мекеме изилдөөлөрдү кыска убакытта жыйынтыктап, келечекте мындай көрүнүштөргө жол бербөө аракетинде экенин кошумчалаган.


15-июлда Twitterди колдонгон атактуу адамдар Илон Маск, Билл Гейтс, Барак Обама, Канье Уэст жана башка белгилүү инсандардын аккаунтту хакерлер тарабынан бузулган. Алардын билдирүүлөрү аркылуу криптовалютту арзан баада сатып алууга чакырган.


Учурда такталып жаткан маалыматтарга караганда мындай жалганчылык менен хаккерлер 100 миң доллардай тапкан. Ал эми социалдык тармактын акциясы бир кыйла түшүп кеткени айтылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн