Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 03:46
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

“Хан-Теңири” лагерине жакын жерден адамдын жансыз денеси табылды

06.04.2020 10:31
927
“Хан-Теңири” лагерине жакын жерден адамдын жансыз денеси табылды


Ысык-Көл облусундагы “Хан-Теңири” лагеринен 3 чакырым алыс жерден милиция кызматкерлери чирип кеткен денени табышты. Бул тууралуу Облустук ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.


“Атайын текшерүүнүн алкагында, аскердик камуфляждын калдыктары жана сары түстөгү бут кийим аныкталган. Жансыз дененин жанынан аңчылык үчүн колдонулган “Вепрь” куралы 25 огу менен табылган. Факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды”, - деп айтылат маалыматта.


Ошондой эле, экспертизанын жыйынтыгы менен Эңилчек тоосунан табылган дене  Сергей Смирновго атуу жаранга таандык экени аныкталганы айтылат маалыматта. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн