Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 11:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Хиджама менен дарылагандарга барбаңыздар, - Министрлик

16.07.2020 10:20
1654
Хиджама менен дарылагандарга барбаңыздар, - Министрлик

 

Хиджама медициналык ыкма катары каттоодон өткөн эмес, андай ыкма менен дарылагандарга барбаңыздар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.


“Соңку күндөрү  социалдык тармактарда хиджама методу пневмонияга жана коронавируска жакшы деп айтылып жатат. Медициналык кызматкрелер да колдоп жатат деген чындыка дал келбейт. Хиджама медициналык ыкма катары каттоодон өткөн эмес, клиникалык ыкма болуп да бекитилген эмес. Андай ыкма менен дарылагандарга барбаңыздар.


Коронавирус, пневмониядан сырткары, сарык, ВИЧ сыяктуу оорулар кан аркылуу таркалат, андыктан бул ооруларды да жуктуруп алуу коркунучу бар. Вирустар айлап билинбей жүрүп, 1-2 айдан кийин пайда болушу мүмкүн. Алардын сөзсүз түрдө чуркап, суюктук жана витаминдерди ичкиле деген сунуштары туура", - деди Акматова.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн