Бугу 12, 2024
Убакыт: 20:28
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Хирург Эрнст Акрамов Илимдер академиясынын ардактуу академиги деген диплом менен сыйланды

13.12.2023 10:29
241
Хирург Эрнст Акрамов Илимдер академиясынын ардактуу академиги деген диплом менен сыйланды


Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги деген диплом Эрнст Акрамовго ыйгарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын проректору Зайнидин Курманов Фейсбукта билдирди.


«Улуттук илимдер академиясы көрүнүктүү окумуштуу, коомдук жана мамлекеттик ишмер, гуманист менен толукталды», - деп жазган ал.


Белгилүү хирург окумуштуу, коомдук ишмер, профессор Эрнст Акрамов 1936-жылы 24-июнда Фрунзе шаарында туулган. Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген дарыгери, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Баатыры.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн