Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 20:10
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Хирург С.Жумабеков олигархтардан медициналык жабдык алууга жардам сурады

03.07.2020 17:24
1283
Хирург С.Жумабеков олигархтардан медициналык жабдык алууга жардам сурады


Белгилүү хирург жана ортопед Сабырбек Жумабеков өлкөдө коронавирус менен күрөш жүрүп жаткан учурда олигарх жана бизнесмендерден жардам берүүсүн суранды. Бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. 

Анын айтымында, күн сайын ооруканага жаткырылып дарыланууга муктаж болгон миңге жакын бейтап кайрылууда. 

"Өкмөт менен Саламаттык сактоо министрлиги “Ганси” базасында миңден ашык орун даярдады. Саламаттык сактоо министрлиги дары-дармектерди керектүү өлчөмдө сатып алууга жетишпей жатат (саламаттык сактоо министринин орун басары М. Каратаевдин айтымында). Ошондуктан биз медицина кызматкерлери дары-дармек, жабдык түрүндө жардам көрсөтүүңүздөрдү сурайбыз. Айрыкча эуфилин, дексаметазон, адреналин, гепарин, фраксипарин, кальций глюконат, анальгин, димедрол, диклофенак, кетонал дарылары, 5 жана 10 гр. ийнелер, спирттик кол аарчылар, жеке коргонуучу каражаттар, көз айнектер керек. Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борбору боюнча жооптуу куратор Чыңгыз Нарынбеков, 0706203021”, - деп жазган ал.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн