Бугу 03, 2024
Убакыт: 21:43
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

«Хизбут-Тахрир» уюмунун аялдар канатынын активдүү мүчөлөрү кармалды (фото)

01.07.2020 09:34
1277
«Хизбут-Тахрир» уюмунун аялдар канатынын активдүү мүчөлөрү кармалды (фото)


Нарында «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун аялдар канатынын активдүү мүчөлөрү, КР жарандары А.Э.А., Б.К.М., А.Г.А., А.А.А., И.М.К. жана М.А.Б. аттуу аялдар кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, бул аялдар 2020-жылдын 27-июнунда УКМК тарабынан диний-экстремисттик уюмдун жашыруун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Нарын облусунун ИИБ менен биргеликте кармалышкан. 


Жашаган жерлерин тинтүү учурунда экстремисттик мүнөздөгү китеп, «Хизбут-Тахрир» уюмун камтыган материалдарды пропагандалоого, электрондук маалымат алып жүрүүчү (планшет, ноутбуктар, телефон сим-карталар) жана жазуусу бар күндөлүктөр табылып алынды.


Ал материалдар атайын экспертизага жөнөтүлдү.


Аталган факт сотко чейинки өндүрүшкө КР Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренесинин 2-бөлүмү (Экстремисттик уюмду түзүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.


Тергөө жүрүп жатат.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Аймырза
ИИМ менен биргеликте'' деген созунду кандай тушунсо болот, автор?
Жазгул
Айланайын, ал жерде ИИБ деп турат го. Эми ИИБны (Ички иштер башкармалыгы) билбесен уят эле да. УКМКны тушундунбу самое главное?