Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

«Хизбут-Тахрир» уюмунун түштүк регион боюнча лидери кармалды

09.11.2021 17:52
415
«Хизбут-Тахрир» уюмунун түштүк регион боюнча лидери кармалды



УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, жашыруун экстремисттик иштерди уюштурган, КРнын түштүк аймагы боюнча «Хизбут-Тахрир» ДЭУ лидери аталган чет өлкөлүк жарандын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


2021-жылдын 4-ноябрында, Өзбекстан Республикасындагы «Хизбут-Тахрир» ДЭУ ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн жооптуу адамы, Кыргыз Республикасынын түштүк аймактарында «Хизбут-Тахрир» түзүмдөрүн түзүү жана бекемдөө боюнча өзүнүн санаалаштары менен жигердүү көмүскө иш-аракеттерди жүргүзүп жүргөн, Өзбекстан Республикасы тарабынан издөөгө алынган Ш.Ш. аттуу жаран Ош шаарынын аймагынан кармалды.


Такталган боюнча, кармалган Ш.Ш. жасалма документи менен Кыргыз Республикасынын аймагында жашырынып жүргөндүгү аныкталды.


Топтолгон далилдердин негизинде, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде Ш.Ш. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн