Чын курандын 17, 2025
Убакыт: 09:39
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Хижаб сойкулардын кийими деген аял кармалды

22.04.2021 09:01
1395
Хижаб сойкулардын кийими деген аял кармалды

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиеваны 21-апрелде камакка алды. Бул тууралуу анын бир тууганы Нурзат Аалиева "Азаттыкка" билдирди:


"Алиева кыргыз элинин маданиятын даңазалаган макалаларды жазат. Мындан тышкары диний ишмерлердин туура эмес иштери тууралуу, аларга каршы постторду да жазып келген. Алар биригип, адвокат жалдап, Гүлзатты сотко беришиптир. 21-апрелде саат 16.00дө милициядан аны суракка чакырышып, ошондон ары камап коюшту. Тергөөчү сот анын бөгөт чарасын аныктагыча, убактылуу кармоочу жайда кармала турганын айтты", - деди Нурзат Аалиева.


Гүлзат Аалиева адвокат Аида Абдрахманованын соцтармактардагы посттору аркылуу элди экиге бөлүп жатат деген арызынын негизинде суракка чакырылып, камалганы белгилүү болду.


Адвокат Аалиева ислам динине, Мухаммед пайгамбарга жана мусулмандарга акаарат келтирген билдирүүлөрү үчүн жоопко тартылышы керек деп эсептейт. Буга чейин анын постторуна нааразы болгон ондогон жаран укуктук жардам сурап өзүнө кайрылганын, анын негизинде арыз жазышканын айтууда.


Булак: "Азаттык" үналгысы



Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Окумуштуу
Динди сындаганды камаган болбойт. Европанын Орто кылымын кайталап атабыз.