Эл аралык Хоккей Федерациясы 2023-жылы хоккей боюнча Россиянын Санкт-Петербург шаарында өтө турган дүйнө чемпионатын башка өлкөгө жылдыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Маалыматка ылайык, Федерацияга мүчө болгон өлкөлөрдүн өкүлдөрү, журналисттер дүйнө чемпионатын өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Санкт-Петербург шаарында өткөрүү кооптуу деп тапкан.
Мындан улам, Эл аралык Хоккей Федерациясы 2023-жылы өтө турган дүйнө чемпионатын башка өлкөдө өткөрөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн