Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:02
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Хорватия Бразилияны, Аргентина Нидерландыны пенальти сериясынан жеңип жарым финалга чыкты

10.12.2022 08:46
525
Хорватия Бразилияны, Аргентина Нидерландыны пенальти сериясынан жеңип жарым финалга чыкты

9-декабрда футбол боюнча дүйнө чемпионатында чейрек финалга чыккан алгачкы командалар беттешти.


Биринчи беттеш Бразилия менен Хорватия ортосунда болду. Оюндун негизги 90 мүнөтү тең чыгуу менен аяктады.

Оюн дагы 30 мүнөткө узарды.

Кошулган жарым сааттын биринчи бөлүгүнүн соңунда Неймар гол жаратып, Бразилияны алдыга алып чыкты.


Бирок 117-мүнөттө Петкович гол киргизип, эсепти теңеди. Кызыктуу оюн соңуна чыгып, пенальти сериясында 4:2 эсебинде Хорватия курамасы жеңип жарым финалга чыкты.


Ал эми Аргентина менен Нидерланды өлкөсү ортосунда өткөн беттеш да эң бүйүр кызыткан оюндардан болду.


Аргентина оюндун негизги бөлүгүн 2:1 эсебинде жеңип жаткан. Бирок оюндун бүтүшүнө дээрлик 30 секунд калганда Нидерланды эсепти теңеп кетти.

Дагы кошумча 30 мүнөттүктө гол жаралган.

Оюн соңунда пенальти сериясында Нидерланды оюнчулары эки жолу жаза басып, 4:2 эсебинде Аргентинага жеңилип калды.

Ошентип жарым финалда Месси баштаган Аргентина Модрич баш болгон Хорватия курамасы менен беттешет.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн