Бугу 02, 2024
Убакыт: 20:15
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Хорватия Мароккону жеңип, дүйнө чемпионатында коло байгеге татыды

18.12.2022 09:23
646
Хорватия Мароккону жеңип, дүйнө чемпионатында коло байгеге татыды

Катар өлкөсүндө өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн болгон беттеште Хорватия улуттук курамасы Мароккону жеңип алды.


Кызыктуу өткөн оюндун башында эле эсеп 1:1ге айланып, беттештин динамикасы кызыды.

Биринчи бөлүктүн соңунда хорватиялыктар эсепти 2:1ге айлантты жана экинчи бөлүктө да Марокконун чабуулдарын натыйжасыз кылды.


Ошентип, Хорватия улуттук курама командасы 2022-жылы өткөн дүйнө чемпионатынын коло байгесин жеңип алды.


Эскерте кетсек, 2018-жылы Россияда өткөн дүйнө чемпионатында Хорватия финалда Францияга жеңилип, 2-орунду ээлеп калган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн