Бугу 22, 2025
Убакыт: 11:20
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.090
1.120

Хьюстондо Жорж Флойдду эскерүү болот

08.06.2020 10:02
1073
Хьюстондо Жорж Флойдду эскерүү болот


Техас штатынын Хьюстон шаарында полиция участогунда набыт болгон афроамерикалык Жорж Флойдду бүгүн, 8-июнда эскерүү болот. Кечээ, 7-июнда полиция башчысы Арт Асеведо журналисттерге Флойддун сөөгү Хьюстонго жеткирилгенин маалымдады.

Анын айтуусунда, сөөк 9-июнда Хьюстондун четиндеги Пирленда аймагында жерге берилет.

Мурдагы вице-президент, учурда демократтардан президенттикке талапкерлигин коюп жаткан Жо Байден Флойддун ата-энеси менен жолугуу үчүн Хьюстонго барары белгилүү болду. Ошондой эле 8-июнда Флойддун өлүмүнө себепкер болгону айтылып жаткан полициянын офицери Дерек Шовиндин соту Миннеаполис шаарында болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн