Бугу 18, 2024
Убакыт: 18:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

И.Арабаев атындагы университеттин имараттары мыйзамсыз ижарага берилген

И.Арабаев атындагы университеттин имараттары мыйзамсыз ижарага берилген



И.Арабаев атындагы университеттин имараттары мыйзамсыз ижарага берилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.


Башкы прокуратурасы тарабынан мамлекеттик мүлктөрдү мыйзамсыз ижарага берилгендиги аныкталып, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголду.


Текшерүүдө, И.Арабаев атындагы КМУнун жооптуу кызмат адамдары жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Аукциондук борбор" ММнин мурдагы башчысы С.И. тарабынан 2018-жылдан 2022-жылга чейин аталган окуу жайга караштуу мамлекеттик имараттарды жана жер участокторун эч бир келишим түзбөстөн, өздөрүнө пайда табуу максатында жеке жана юридикалык жактарга ижарага беришип, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталган.


Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн