Бугу 10, 2024
Убакыт: 09:25
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

ИДПнын өсүшү 4,5 пайызды түздү

21.01.2020 16:24
772
ИДПнын өсүшү 4,5 пайызды түздү

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиргенине караганда,  2019-жылдын январь-декабрь айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү  4,5 (4 пайыз деп болжолдонгон) пайызды түздү. 

ИДПнын өсүшүн экономиканын бардык секторлору камсыз кылып, өсүш бардык тармактарда байкалган: курулушта – 10,6, айыл чарбасында – 2,6, тейлөө тармагында – 2,9, өнөр-жайында - 6,9 пайыз өсүш болгон.

ИДПнын номиналдык көлөмү 590 млрд. сомду түзгөн. 

ИДПнын номиналдык көлөм боюнча болжолдонгон чекке жетпей калуусунун себеби, 99,2 пайыз деңгээлинде калган, анын төмөнкү дефлятордук көлөмүнө байланыштуу. Бул маалыматтар дагы тактала тургандыгын эске алсак, ИДПнын өсүшүн аныктаган тенденциялар бар. Мисалы, 2018-жылы маалыматтарды тактоодо, ИДПнын номиналы 12,3 млрд. сомду түзсө, 2017-жылы – 9,5 млрд. сомду түзгөн. Буга байланыштуу 2020-жылдын ноябрь-декабрындагы тактоолордо ИДПнын номиналдык көлөмү болжолдонгон 600 млрд. сомго чыгышы же аткарылышы күтүлүүдө.   


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн