Кыргызстанда 2020-жылдагы үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 10% гана сотко өттү. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов 20-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 9025 фактыны каттоого алса, анын 947си гана сотко ашты.
«Катталган фактылардын 10% гана жоопкерчиликке тартуу үчүн сотко өткөрдүк»,- деген Урмамбетов териштирүү иштери уланып жатканын айтты.
Парламент жыйынында «Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорун экинчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн