Коомчулуктагы акыркы кырдаалга байланыштуу Ички иштер министрлиги жарандарды жалган маалыматтарды таратпоого жана күмөндүү маалыматтарды башка да булактардан текшерүүгө чакырат.
Мындан сырткары Ички иштер министрлиги жалган маалыматтарды тараткандар мыйзам чегинде жазага тартыларын, ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпой турганын эскертет.
Маалыматта, соңку убактарда WhatsApp мессенджеринде жана башка социалдык тармактар аркылуу кылмыш жасалгандыгы тууралуу жалган маалыматтарды таркаткан учурлар көп кездешип жаткандыгы да айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн