Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 00:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМ: 2020-жылдын ичинде окуя болгон жерге 21845 кароо жүргүзүлдү

20.01.2021 10:21
527
ИИМ: 2020-жылдын ичинде окуя болгон жерге 21845 кароо жүргүзүлдү


Азыркы учурда кылмыштарды иликтөө жана бетин ачуу эксперттик-криминалисттик изилдөөлөрдү пайдаланууну талап кылат. Кыргыз Республикасынын ИИОнун Эксперттик-криминалисттик бөлүгүнүн кызматкерлери дактилоскопиялык, трасалогиялык, кол жазманы таануу, баллистикалык экспертизаларды жана баңгизат, спирт камтыган каражаттарды химиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. 


Адистер кылмыштуулук менен күрөшүүгө өз салымдарын кошушууда. Ушул жылдын 12 ай ичинде 21845 окуя болгон жерлерге кароо жүргүзүүгө, 6033 ыкчам-иликтөө иш-чараларына, 2784 тергөө амалдарына катышкан. Жалпысынан 4504 экспертиза жүргүзүлдү: 2345 дактилоскопиялык, 134 трасологиялык, 341 жаралма  куралдарды изилдөө, 704 баллистикалык, 191 техника-криминалисттик, 263 кол жазма таануу, 521  баңгизаттарды, акыл-эске таасир берч заттарды жана перекурсорлорду изилдөө, 5 жарылуучу каражаттарды техникалык изилдөө боюнча экспертизалар жүргүзүлгөн. Андан сырткары, 923 профессионалдык изилдөө жүргүзүлгөн. 212  өздүгү таанылбаган адамдын өлүгү идентификацияланган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


“СОНДА” автоматташтырылган маалымат базасына 11947 дактилокарта менен 2906  колдун издери киргизилген.


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалисттик борборунда “ТАИС” автоматташтырылган баллистикалык идентификациялык тутум иштөөдө. Аталган тутум куралдар жөнүндө маалыматтарды издөө жана сактоо үчүн арналып, экспертизага келип түшкөн гильзаларды жана окторду кыска убакыттын ичинде текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет. 2020-жылдын 12  ай ичинде маалымат тутумуна 32 криминалдык гильзалар, 15 эпизод боюнча 5 ок киргизилген. 828  катталган ок атуучу куралдар,  590 жаракаттандыруучу тапанча текшерилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн