Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:23
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

ИИМ: Бишкекте 20дан ашык алдамчылык фактысына катыштыгы бар жаран кармалды

11.12.2023 17:08
276
ИИМ: Бишкекте 20дан ашык алдамчылык фактысына катыштыгы бар жаран кармалды


2022-жылдын сентябрынан октябрь айына чейин ар кандай шылтоолор менен ишенимге кирип, жалпы суммасы 1 миллион сомдон ашык акча каражатын, ошондой эле “Мерседес Бенц 210” жана “Ауди С-4” үлгүсүндөгү  унааларды ээлеп алган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, изин жашырып кеткен жаран К.Г. аттуу жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүү өтөнүчү менен жабырлануучу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына арыз менен кайрылган.

Мындан тышкары, шектүү дагы бир жабырлануучуга жогорку кызмат орундарын ээлеген кызматкерлер менен тыгыз байланышта экендигин айтып, “алтын кенин иштетүүчү компаниялардын бирине жогорку акы төлөнүүчү жумушка орноштурам” деген шылтоо менен  ушул жылдын март айында 140 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алдоо жолу менен ээлеп алган. Андан соң изин жашырып кеткендиктен, ага карата чара көрүү өтүнүчү менен Бишкек шаарынын тургуну кайрылган.

Бул фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда (алдамчылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө ИИМдин КИББдин кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун тургуну К.Г. кармалып, Бишкек шаарынын ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда шектүү К.Г. тарабынан жасалган 20дан ашык алдамчылык фактысы аныкталды. Ал жарандарды алдап, алардан акча каражатын алып, өзүн жогорку кызмат орундарын ээлеген кызматкерлер  менен тыгыз байланышта  экендигин айтып, жумушка орноштурууну убадалап келген. Учурда ал келтирген зыяндын жалпы суммасы такталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн