Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:50
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМ 9 ай ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарды

28.10.2020 16:32
642
ИИМ 9 ай ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарды

Бүгүн, 28-октябрь күнү ИИМде ички иштер органдарынын 2020-жылдын 3-чейрек ичиндеги  ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму онлайн режиминде өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, коллегияга ички иштер министри, милициянын полковниги Улан Ниязбеков,   ички иштер министринин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын башчылары, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жана  айрым бир райондук шаардык бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. 


Жыйында  республиканын ички иштер органдарынын 2020-жылдын 9 айында аткарган  ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү, жол коопсуздугунун камсыздоо иш-чаралары, анын ичинде “Бузуулардын бирдиктүү реестрине”  бузуулардын катталышы, айыптардын төлөнүшү, “Коопсуз шаар” долбоорунун 2-этабынын ишке ашырылышы жөнүндө  негизги маселелер каралды.


ИИМдин коллегиясынын отурумунда республиканын ички иштер органдарынын  2020-жылдын 9 айында аткарган  ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү жыйынтыкталып, ички иштер министри Улан Ниязбеков сөз сүйлөдү.


2020-жылдын 9 ай ичинде ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктү ишке ашыруу саясий мүнөздөгү, коронавирус илдетинин жайылышы, өзгөчө кырдаал менен өзгөчө абал режимдеринин киргизилиши сыяктуу өлкө үчүн оор жана татаал  мезгилдерге туш болду. Буга карабастан, мыйзамдын алкагында кылмыштуулукту алдын алуу, катталган кылмыштар жана жоруктар боюнча сотко чейинки өндүрүштү өз убагында ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүп, ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте иштешти. Биздин негизги максатыбыз – коомдун, жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу, саясаттын тышкары туруу болуп саналат. Ички иштер органдарынын потенциалын чыӊдоо,  жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, жарандардын, коомдун жана өлкөнүн кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле мамлекеттик маанилүү объектилерди коргоо Кыргыз Республикасынын ички коопсуздугун камсыз кылуу системасын өркүндөтүүгө багытталган тапшырмаларды койомун”, - деди ички иштер министри Улан Ниязбеков. 

 


2020-жылдын 9 ай ичинде бардык укук коргоо органдары 103633 кылмыштар менен жоруктарды катталган. Алардын ичинен ички иштер органдары 98769 кылмыш менен жорукту каттоого алган.


Республика боюнча укук коргоо органдары 56746 кылмышты каттаса, ал эми ички иштер органдары 52434 кылмышты каттап, 92,4% түзөт. Республика боюнча жалпы укук коргоо органдары 46887 жорук катталган, алардын ичинен ички иштер органдары 46335 жорукту каттап, 98,8% түзөт. Ушул жылдын отчеттук маалында ИИОнун өндүрүшүндө 40137 кылмыштар менен жоруктар катталып, алардын ичинен 22785 бети ачылып, 56,8% түзөт. Бети ачылган кылмыштардын ичинен сотко 15726 кылмыш иши жөнөтүлгөн.


Андан сырткары, отчеттук маалда баңгизаттарды  мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан  643 кылмыш катталган. Жалппысынан 1 тонна 277 килограмм 524 грамм баңгизаттар, психотроптук каражаттар менен перекурсорлор алынган. Алардын ичинен 4 килограмм 852 грамм героин, 116 килограмм 102 грамм гашиш, 146 килограмм марихуана, 320 килограмм 802 грамм перекурсорлор, жана башкалар 689 килограмм 768 грамм.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн