Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 16:30
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

ИИМ Академиясы мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам көрсөттү

03.12.2020 16:46
659
ИИМ Академиясы мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам көрсөттү

 3-декабрь- Эл аралык майыптар күнүнө карата Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы мүмкүнчүлүгү  чектелген адамдарга жардам көрсөтүштү.  Бул тууралуу ИИМ Академиясынан маалымдады.


Бул күнү, жыл сайын ИИМдин Академиясынын кызматкерлери, курсанттары, студентери Красная речка айылында жайгашкан  балдар мектеп-интернатына жана Бишкек  шаардык улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн жалпы типтеги социалдык мекемесине  барышып, ишембилик жасашып, балдардын, карылардын көңүлдөрүн көтөрүү максатында шаңдүү концерттерди тартуулап, белек-бечектерди тапшырып келишкен. 


Салтты улай быйыл дагы ИИМдин Академиясынын кызматкерлери өз ыктыярлары менен  акча каражаттарын чогултушуп, жогоруда аты аталган мекемелерге  барып, акчалай жардам көрсөтүштү. Аз да болсо кубаныч тартуулаган Академиянын өздүк курамына балдар жана карылар үйүнүн жамааты ыраазычылыктарын билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн