Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:03
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

ИИМ Академиясында баңгизаттарды жүгүртүүгө каршы семинар болуп өттү

07.12.2020 10:57
502
ИИМ Академиясында баңгизаттарды жүгүртүүгө каршы семинар болуп өттү

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында “Баңгизаттардын мыйзамсыз

жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүнүн уюштуруу-тактикалык негиздери” аттуу

атайын курсу боюнча онлайн семинар - тренинг болуп өттү. Бул тууралуу ИИМ Академиясынын басма сөз кызматы кабарлады.


Онлайн тренингде БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча

башкармалыгынын Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси Селезнев

А.М, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын

Уюштуруу - аналитикалык  башкармалыгынын начальниги, милициянын

подполковниги Шигаев А.Т., ИИМдин Академиясынын жетекчилиги жана

окутуучу курам катышты.


Атайын курсту эл аралык эксперт П.Пудов БУУнун Баңги заттар жана

кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргыз Респуликасындагы программалык

кеңсесинин жардамы менен ИИМдин Академиясынын бүтүрүүчүлөрүн даярдоо

жана билимин өркүндөтүү максатында даярдаган,  анткени Академия Ички

иштер министрлиги үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдай турган

жалгыз жогорку окуу жайы болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө методикалык базаны кеңейтүү жана анын милдеттерин

жана мазмунун тереңирээк түшүнүү максатында баңгизаттардын мыйзамсыз

жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча атайын курстун темалары боюнча

презентация болуп өттү.


Андан кийин, тренинг суроо-жооп форматында болуп, мугалимдер кызыктырган суроолорун беришип, тренингдин уюштуруучуларына өз сунуштарын дагы беришти.


Тренингдин аягында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз

жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Уюштуруу - аналитикалык 

башкармалыгынын начальниги, милициянын подполковниги Шигаев А.Т.,

катышуучуларга сертификаттарды тапшырып жатып, тренингдин

катышуучуларына активдүүлүгү үчүн  ыраазычылыгын билдирип,  иштерине

ийгиликтерди каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн