Бугу 03, 2024
Убакыт: 02:35
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

ИИМ Академиясынын нөөмөтчүлөрү сууда агып бараткан кызды куткарып калышты

20.07.2020 09:20
1101
ИИМ Академиясынын нөөмөтчүлөрү сууда агып бараткан кызды куткарып калышты

 

Ички иштер министрлигинин Академиясынын нөөмөттө турган кызматкерлери сууда агып бара жаткан кызды куткарып калышты. Бул тууралуу Академиянын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, кезметте турган курсант Асылбеков Бекжан “Аламүдүн-1” кичи районундагы каналда кыздын жардамга чакырып кыйкырып агып бара жатканын көргөн. Ошол замат ИИМдин Академиясынын нөөмөт бөлүмүнө билдирген. Нөөмөтчү милициянын подполковниги Ж.Шамиров, нөөмөтчүнүн жардамчысы милициянын прапорщиги Б.Тангатаров жана Академия боюнча жооптуу милициянын полковниги Н.Камчыбеков тарабынан ыкчам аракеттер көрүлүп, агып бара жаткан кызды суудан алып чыгышкан.


Андан соң денесиндеги жаракаттарына биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, медициналык тез жардам кызматына тапшырып беришкен. Өз маалында жардам көрсөтүп, аман алып калган Академиянын  кызматкерлерине кыздын ата энеси, туугандары ыраазычылык билдиришти.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн