Бугу 04, 2024
Убакыт: 12:10
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

ИИМ: Бангизаттарды ири өлчөмдө ташуу жана сатуу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топ жоюлду

25.04.2024 12:41
80
ИИМ: Бангизаттарды ири өлчөмдө ташуу жана сатуу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топ жоюлду


Бангизаттрады оор түрлөрүн өзгөчө ири өлчөмдө ташуу жана сатуу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топ жоюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 10-майында ИИМ БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 3 кг "гашиш" баңгизатын сатууну көздөгөн А.К.Т. 1954-ж.т. жаран кармалган.

Андан аркы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган баңгизатты алдын ала сүйлөшүлгөн жерге кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү алып келгени белгилүү болгон. Алар К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары 2011-жылдан бери ИИМдин каттоосунда турган 1987-жылы туулган К.Н.Т. жана 1973-жылы туулган К.Н.Т. аттуу жарандар экендиги такталып, мурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен соттолгондугу аныкталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө жогоруда аталган адамдар 1954-ж.т. А.К.ны кармоо учурунда кылмыш болгон жерден качып кетишкен, андан соң тергөө тарабынан издөөгө алынган.

2024-жылдын 18-апрелинде ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө БМЖКККнын кызматкерлери Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлери менен биргеликте К.Н.Т. 1987-жылы туулган жаран кармалган.

Ошондой эле 2024-жылдын 20-апрелинде иш-чаралардын жүрүшүндө БМЖКККнын кызматкерлери Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлери менен биргеликте Чүй облусунун Манас айылынын аймагында А.С.Н. 1973-жылы туулган Жалал-Абад шаарынын тургуну кармалган.

Кармалгандар КР Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесине киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн