Кечээ, 25-декабрда Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн кайтаруусунда турган мейманканалардын биринде саат 03:00до дүрбөлөң баскычы басылып, дарек боюнча бөлүмдүн кармоо тобу ыкчам барышкан.
ИИМдин маалыматына ылайык, кайтарууда турган мейманканага караштуу дүкөнүнгө Фрунзе көчөсү тарабындагы терезени талкалап кирип, кайра чыгууга аракет кылып жаткан учурда 1989-жылы туулган жаран колго түшүрүлүп, Ленин РИИБдин тергөө кызматына тапшырылган.
Окуя Ленин РИИБдин КБРне катталып Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-берене “уурулук” каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн