Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:09
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

ИИМ: Бишкекте “Хизбут-Тахрирдин” активдүү мүчөсү маңзат менен кармалды

15.12.2023 15:51
260
ИИМ: Бишкекте “Хизбут-Тахрирдин” активдүү мүчөсү маңзат менен кармалды


ИИМ тарабынан Бишкекте Афган тектүү маңзат каражаттарын таратуу менен алектенип жүргөн “Хизбут-Тахрирдин” активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө А.Н. аттуу жаран “улуттар аралык кастыкты козутуу жана эркинен ажыратуу жайларынан качуу” беренеси боюнча мурда соттолгон Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү катары КРнын ИИМдин каттоосунда туруп, 2013-жылдан бери анын активдүү мүчөсү экендиги аныкталган.


"ИИМдин БМЖКККнын жана ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкерлери Бишкекте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө май куюучу станциялардын биринде “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унааны башкарган 1987-жылы туулган К. Э. жана жүргүнчү А. Н. токтотулган.


Жеке текшерип кароодо А. Н. курткасынын оң чөнтөгүнөн тунук түстөгү целлофан табылып, анда 8 даана өзгөчө жыты бар, кочкул жашыл түстөгү зат болгон. Алынган заттын салмагы таңгагы менен кошо 41 граммды түзгөн. Тинтүү учурунда Хонда-Фит автомашинасы айдоочунун отургучунун чөнтөгүнөн салмагы 2 грамм тегеректелген формадагы зат табылып, алынган. Айдоочу К.Э. жашаган жерин тинтүү учурунда кызматтык издөө иттин жардамы менен, салмагы 45 грамм болгон “гашиш” (Афган Чарс) баңги каражаттарын сактоо жайы табылды",
- деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар баңгизат болуп аныкталып, канабисса чайыры “гашиш” болгон. Шектүүлөр Бишкек шаарынын тергөө абагына киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн