Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 07:14
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

ИИМ: Бишкекте баңгизат сатып жүргөн жаран кармалды

30.05.2024 11:51
287
ИИМ: Бишкекте баңгизат сатып жүргөн жаран кармалды


Бишкекте баңгизат сатып жүргөн жаран кармалды, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш жасоого шектүү катары Чүй облусунун   тургуну  2005-жылы туулган Н.Я. кармалган. Ал Буденный жана Жибек –Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде баңгизатты сатып жаткан жеринен колго түшкөн.

Андан аркы ыкчам иштердин жүрүшүндө кармалган жаран өз ыктыяры менен 13 жерде катылган жерди көргөзүп, кара пакетке оролгон баңгизаттарды ыктыяры менен өткөрүп берген.  Ошондой эле ал жашаган үйүнөн колдо өндүрүлгөн өзгөчө жыты бар болжол менен 200 грамм болгон баңгизатты өз ыктыяры менен тапшырган. Анын үйүндө баңгизаттарды даярдоо жана сактоо боюнча кичи лаборатория табылган.

Жогорудагы баңгизаттарга соттук-химиялык экспертиза жүргүзүлүп, анын корутундусу менен 184 грамм марихуана менен 3,972 грамм пирролидиновалерофенон психотроптук заты экентиги аныкталган. Топтолгон материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү жаран Н.Я. убактылуу кармоочу жайга камалды. Азыркы учурда иликтөө жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн