Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ИИМ: Чүйдө синтетикалык каражаттарды өндүргөн баңгилабораторияга бөгөт коюлуп, үч жаран кармалды

ИИМ: Чүйдө синтетикалык каражаттарды өндүргөн баңгилабораторияга бөгөт коюлуп, үч жаран кармалды

 

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына ири өлчөмдөгү психотроптук заттарды алып келүү, даярдоо жана сатуу каналдарына бөгөт коюу боюнча көп этаптуу атайын операция ийгиликтүү жүргүзүлдү, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.


2023-жылдын  июнь айында ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери ИИМдин Тергөө кызматы, УКМК жана Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте Бишкек ШИИББнын атайын операциялар отрядынын кызматкерлеринин жардамы менен Чүй облусунда ыкчам-иликтөө жана атайын тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда эл аралык баңги тобунун мүчөлөрүн кармашкан. Кармалган 2003-жылы туулган Д.Н. жана 2003-жылы туулган тургуну С.Т. болушат. Алардын “Киа Оптима” унаасынын багажында кара түстөгү желим баштыктан болжол менен салмагы 11 кг 750 гр болгон 47 таңгактагы “мефедрон” табылган. Алар аны  белгисиз адамдарга сатууну көздөшкөн.


Мындан тышкары, жогоруда жарандар жашаган үйүндө “мефедрон” психотроптук затын даярдоочу баңгилаборатория табылган. Тинтүү учурунда болжолдуу салмагы 100 граммды түзгөн “мефедрон” психотроптук заты, жеке коргонуу каражаттары, таразага тартуу жана таңгактоо каражаттары, ошондой эле химиялык реактор, психотроптук заттарды өндүрүү үчүн колдонуу үчүн 2 тоннадан ашык прекурсорлор  жана башка буюмдар табылган. 


Андан аркы ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Бишкек шаарындагы кичирайондорунун биринде аталган баңгилабораториянын жетекчиси  1995-жылы туулган А.И.  кармалган. Ал өндүрүш процессин башкарып, мобилдик мессенджер аркылуу чет элдик кураторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, каржы эсебин чыгарып турган. Жогорудагы жаран бир жуманын ичинде баңгилаборатория 40 кг чейин психотроптук каражатты өндүрүп турганында айткан. 


Ошондой эле, иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогоруда аталган адамдар Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында баңгизаттардын аз өлчөмдөгү партиясы бар кыстармаларды жашыруун жерлерге бекитип кетүү менен алектенгендиги аныкталган.  Бул маалыматты текшерүү учурунда көк түстөгү “Экстази” психотроптук каражаты катылган 10  жер табылган. 


Белгилей кетсек, баңгилабораторияны каржыло криптовалюталар аркылуу ишке ашык келген. Криптовалюталарды Бишкекте алмаштырып, накта акча каражаттарын банктык карталарына салышкан.  


Бул узакка созулган атайын операциянын жүрүшүндө 30 кг ашык психотроптук каражат жана 2 тоннадан ашык  прекурсор табылып алынган. 


Кылмыштуу ниетин ишке ашырууда жана психотроптук затты сатууда кармалгандардын жана башка белгисиз адамдардын мыйзамсыз кирешеси 165 миллион сомду (1 млн. 875 миң  АКШ долларын) түзүшү мүмкүн.


Бул ыкчам операциянын натыйжасында республика боюнча 180 миң 200дөн ашык бир жолку дозадагы “мефедрон” жана “экстази”   жана башка психотроптук заттардын таратылуусуна бөгөт коюлган.


Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын иликтөө иш-чаралары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн