Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 06:59
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

ИИМ: Эл аралык издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды

10.01.2024 18:28
315
ИИМ: Эл аралык издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды


Бишкекте милиция кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн Б.М. аттуу жаранды кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал Россияда оор кылмыш жасагандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн. Кылмышкер адамды жүзүнөн тааныган сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармалды.

"Видеобайкоо камералары аны издөөдө жүргөн адам катары тастыктаган, ал оор кылмышка шектүү болуп, бирок качып кетип эл аралык издөөдө жүргөн", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган кылмышкерге карата 2015-жылы Россиянын аймагында оор кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн