Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 07:32
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

ИИМ: Кыргызстанда милициянын көчмө кабылдамасы өз натыйжалуулугун көрсөттү

14.01.2021 12:32
687
ИИМ: Кыргызстанда милициянын көчмө кабылдамасы өз натыйжалуулугун  көрсөттү


10 жыл мурда ЕККУнун  “Коомдук коопсуздук демилгеси”  долбоорунун алкагында  Кыргызстанда  милициянын көчмө кабылдамасы биринчи жолу өз ишин баштаган.  Алыскы аймактарда жашаган жарандарды кабыл алуу үчүн түзүлүп, ал кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алууда,  санын азайтууда өз натыйжалуулугун көрсөттү.  Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Жүргүзүлгөн анализге ылайык, 2020-жылы   жалпы республика боюнча  10 851 жолу милициянын көчмө кабылдамасы менен жолго чыгышып,  12 813 жаранга кызмат көрсөтүп,  10 066 кайрылууларды жана арыздарды кабыл  алышкан. Алардын ичинен 4 797 коопсуздукка байланыштуу.


Кабылдамага кайрылгандардын 90 пайызы социалдык маселелерге байланышкан. Калк менен жолугушууда алар жарандардын кайрылууларына  юридикалык жактан дагы жардам беришет. Ошондуктан, экипаждын курамына атайын окуудан өткөн милициянын аймактык тескөөчүлөрү, жашы жете электер менен иштөө инспекторлор, КААБдын мүчөлөрү кирет.


Коронавируска байланышкан жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө милициянын көчмө кабылдамасы пайдаланылды. Калкка  жеке коргонуучу каражаттарды колдонуу, аралыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Бүгүнкү күндө  өлкөдө  36 кабылдама иш алып барат жана онлайн режимде көзөмөлдөө үчүн атайын жабдылган   радиобайланыштар, видеокамералар, GPS жабдыктары менен камсыздалган.  Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун колдоосу менен  ар бир автоунаага бир айга 250 литр күйүүчү май бөлүнүп берилет. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун колдоосу менен  ар бир автоунаага бир айга 250 литр күйүүчү май бөлүнүп берилет.


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын алдында милициянын көчмө кабылдамасын көзөмөлдөй турган мониторинг борбору бар. Милициянын көчмө кабылдамасынын ишмердүүлүгү боюнча толук көзөмөл жүргүзүп турат.


Коопсуздуктун жогорку деңгээлине жарандык коом менен милициянын тыгыз өз ара байланышуусунан жетсе болот. Бул “Коомдук коопсуздук демилгеси” долбоорунун негизги максаты. Милициянын көчмө кабылдамасынын натыйжалуу иши  ал жетишкендиктерге жетүүнүн ыкмасы болуп саналат.  Милициянын көчмө кабылдамасынын башкы максаты- коомдун коргоолусунун деңгээлин жогорулатуу, ишенимдүү мамилени түзүү, калк менен кызматташууну жакшыртуу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн