Тогуздун айы 09, 2024
Убакыт: 14:31
USD
85.10
85.60
EUR
92.70
93.70
RUB
0.875
0.915

ИИМ: Кыргызстанга Австриянын Федералдык полициясынын делегациясы тажрыйба алмашуу үчүн келди

09.10.2024 10:53
548
ИИМ: Кыргызстанга Австриянын Федералдык полициясынын делегациясы тажрыйба алмашуу үчүн келди


Кыргызстанга Австриянын Федералдык полициясынын делегациясы коопсуздукту камсыздоо жаатында тажрыйба алмашуу үчүн келди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ Австрия полициясынын делегациясы КР ИИМдин ишмердүүлүгү менен таанышты.

ИИМге болгон жумушчу сапарынын алкагында министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов Австриянын криминалдык чалгындоо кызматынын бөлүм башчысы Рэйманд Крендл менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө ведомстволор аралык кызматташуунун мүмкүн болгон багыттары талкууланды.

Жумушчу иш сапар Кыргызстан менен Австриянын ортосунда коопсуздукту камсыздоо жана укук бузуулардын алдын алуу жаатында алдыңкы тажрыйбалар менен алмашууга багытталган.

Октябрь Урмамбетов өз сөзүндө коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо жаатында конструктивдүү биргелешкен ишке жана кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Сапардын алкагында Австриянын делегациясы ИИМдин басма сөз кызматынын массалык маалымат каражаттары жана коомчулук менен иштөө боюнча ишмердүүлүгү жана Ыкчам башкаруу борбору менен таанышты, ал аркылуу интеллектуалдык камералар онлайн режимде өлкөнүн бардык райондорунда жана шаарларында адамдар көп топтолгон жерлердеги кырдаалды көзөмөлдөшөт.

Мындан тышкары, Австриянын криминалдык чалгындоо кызматынын өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасына болгон 5 күндүк иш сапарынын алкагында ИИОнун кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алуу бөлүмдөрү менен таанышуусу мерчемделген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн