Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:27
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

ИИМ: Контрафакттык спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтердин ишине бөгөт коюлду

11.12.2023 13:15
223
ИИМ: Контрафакттык спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтердин ишине бөгөт коюлду


ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында белгисиз адамдар материалдык пайда алуу максатында мыйзамсыз спирт жана спирт ичимдиктерди өндүрүү боюнча жашыруун цехтерди иштетип жаткандыгы аныкталган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жайгашкан тогуз дарек боюнча тинтүү иштери жүргүзүлүп, бөтөлкөлөргө куюлган жергиликтүү жана чет өлкөлүк өндүрүштүн ар кандай маркасындагы спирт
жана спирт ичимдиктери: арак, коньяк, виски алынган.

Тинтүү иштердин жыйынтыгында бардыгы болуп шектүү акциздик маркалары бар 192,28 литр көлөмүндөгү алкоголдук продукция, 136 литр көлөмүндөгү спирт камтылган продукция, акциздик маркалары жок 193 даана электрондук сигареттер алынган. Алынган продукциялар боюнча тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалды.


Аталган факты боюнча Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып, контрафактылык продукцияларды сатуу каналдарын жоюу жана жабуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн