Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 03:59
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

ИИМ “Кулатуу Эртаймаш” улуттук күрөш федерациясы менен өнөктөш болду

28.02.2022 11:10
1310
ИИМ “Кулатуу Эртаймаш” улуттук күрөш федерациясы менен өнөктөш болду


ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы “Кулатуу Эртаймаш” улуттук күрөшүнүн бүткүл дүйнөлүк федерациясы менен өнөктөш болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка ылайык, 25-февралда Бишкек шаарынын «Асанбай» борборунда WEF GLOBAL (World Ertaymash Federation) - «Кулатуу Эртаймаш ММА» улуттук күрөшүнүн кесипкөйлөрүнүн арасында эл аралык турнир өткөрүлүп, анда Орто Азиянын мыкты спортчулары таймашышкан.   


Аталган мелдеште Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Кулатуу эртаймаш улуттук күрөшүнүн бүткүл дүйнөлүк федерациясы менен өнөктөш болду.

       

"Ачылыш аземинде «Кулатуу Эртаймаш ММА» Улуттук күрөшүнүн бүткүл дүйнөлүк федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев, Антонина Шевченконун жана Валентина Шевченконун машыктыруучусу жана насаатчысы Павел Федотов жана ИИМдин БМЖКККнын ыйгарым укуктуу оперкызматкери Таалай Суваналиев сөз сүйлөп, спортту жайылтуу, дени сак жашоону үгүттө, калкты үзгүлтүксүз дене тарбия маданиятына жана спортко тартууга, спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү менен Орто Азиядагы жана алыскы чет мамлекеттердин кызматташтыгын бекемдөөгө, эл аралык достук спорттук байланыштарды жана туризмди өнүктүрүүгө, Кыргызстандын жана башка мамлекеттердин күчтүү спортчуларын табуу бул иш-чаранын максаты болгонун белгилешти", - деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы. 


Маалымат үчүн


Кулатуу Эртаймаш – грециялык «Панкратион» жана бразилиянын «Вале Тудо» жеке таймаштарына окшош, туруп же жатып мушташканда сокку техниканы колдонуу менен толук контакттуу болгон, ММАнын эл аралык стандарттарына жана эрежелерине ылайык келген таймаш. Кыргызстанда бул улуттук спорттун түрү болуп эсептелет.

       

WEF GLOBAL (World Ertaymash Federation)- «Кулатуу Эртаймаш ММА» Улуттук күрөшүнүн бүткүл дүйнөлүк федерациясынын эл аралык кыскартылган аталышы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн