Теке 27, 2024
Убакыт: 09:56
USD
EUR
RUB

ИИМ Мадумаровдун кармалышы боюнча комментарий берди

02.09.2023 22:05
421
ИИМ Мадумаровдун кармалышы боюнча комментарий берди

ИИМдин Тергөө кызматы жогорку кызматтагы адамдын мамлекеттик чыккынчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Адахан Мадумаров козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганы такталган.


«Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси боюнча айып тагылган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту ага карата УКМКнын СИЗОсуна камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады. Тергөө иштери уланууда», - деп билдиришти ведомстводон.


Кеп Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго козголгон кылмыш иши тууралуу болуп жатат.


Бүгүн ал кармалып, УКМКнын СИЗОсуна камалды.


Буга чейин парламент депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Кеп 2009-жылы Хожентте кол коюлган протоколго тиешелүү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн