Бугу 18, 2024
Убакыт: 05:22
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

ИИМ: Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жарандар Кыргызстандан кармалды

25.01.2024 16:09
155
ИИМ: Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жарандар Кыргызстандан кармалды


Бишкекте жана Ошто мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-январда милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарында РФ кылмыш-жаза кодексинин 162-беренеси (каракчылык) боюнча издөөдө жүргөн М.К. аттуу жаран кармалган. Издөөдө жүргөн адам жүзүн таануу системасы камтылып, коомдук жайларда орнотулган видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармалган.

Ошондой эле бүгүн Бишкек шаарында Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (алдамчылык) боюнча издөөдө жүргөн Т.С. аттуу жаран кармалды. Аталган жаран дагы коомдук жайларда орнотулган жүзүн таануу системасы камтылган сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармалган.

Видеобайкоо камералары жогорудагы жарандарды мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн адамдар катары тааныган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн